720001, г.Бишкек, ул.Турусбекова, 89

0 312 61 36 45

info@bik.kg

НООРУЗ МАЙРАМЫҢЫЗДАР МЕНЕН

«Бишкек инновациялык колледжи» мекемесинде 2023-жылдын 17-мартында Нооруз  майрамына карата арналган «Куш келиңиз, Нооруз!» аттуу  темада чоң масштабдагы иш чара болуп өттү.🎉
Майрамдык салтанатты «Бишкек инновациялык колледжи» мекемесинин кыргыз тили жана кыргыз адабияты сабагынын улук окутуучулары: Тагаева Гүлзат Аликовна, Абдылдаева Бегайым  Орозакуновна, Абылкасымова Рита Тургуналиевна, Казакбаева Жазгүл Жеңишбековна эжекелерибиз уюштурушту.
Иш чаранын жүрүшүндө: «Бишкек инновациялык колледжи» мекемесинин жамаатына, конокторго, студенттерге Умай эненин ак батасы берилди.
«Манас» эпосунан үзүндүлөр, коллективдүү (хор), жеке ырлар, Акыйнек айтышуу ырлары, улуттук бийлер, улуттук музыкалык аспаптар жаңырды.🎤
Кыргыз элинин «Колго суу куюу», «Тушоо кесүү» каада-салттары көрсөтүлдү. «Кол күрөш»  «Аркан тартыш» ж.б. улуттук оюндар ойнотулду.
Кыргызстанда Нооруз майрамын майрамдаган  кыргыз, казак, өзбек, түрк, тажик, татар, грузин элдеринин улуттук тамак-аштар көргөзмөсүнүн сынагы 1-2-3-курстар арасында болуп өттү.🥙
Жыйынтыгында улуттук оюндар таймашында  уткан студенттер, улуттук тамак-аш көргөзмөсүнүн жеңүүчү тайпалары, «БИК» мекемесинин мүдүрү, философия илимдеринин доктору, доцент - Эркинбеков Кылыч Эркинбекович агайыбыздын атынан акчалай сыйлыктарга ээ болушту. Нооруз майрамына жигердүү катышкан студенттер администрация тарабынан ыраазычылык каттар менен сыйланышты.🥳
Майрамдык салтанат эң жогорку деңгээлде өткөрүлүп,  окутуучуларга, келген конокторго, студенттерге жагымдуу маанай,  майрамдык шаттык-шаң тартуулады.
📌Даярдаган: кыргыз тили жана кыргыз адабияты сабактарынын улук окутуучусу, “Билим берүүнүн мыктысы” төш белгисинин ээси - Тагаева Гүлзат Аликовна.

337273500_184713764312630_3789877798914978265_n