720001, г.Бишкек, ул.Турусбекова, 89

0 312 61 36 45

info@bik.kg

12-декабрь – залкар жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун туулган күнү

12-декабрь – залкар жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун туулган күнү.Айтматовдун туулган күнүнүн урматына 12-декабрь Улуттук адабияттын күнү деп жарыяланган.Урматтуу окутуучулар, студенттер! “Манас” — маданиятыбыздын туу чокусу болсо, Айтматов — рухубуздун туу чокусу. Чыңгыз Айтматов ошончолук бийик, ошончолук уникалдуу. Дүйнө адабиятында санап келсең ага тете жазуучулар беш манжага толбойт. Сиздерди Ч. Айтматовдун туулган күнү жана адабияттын күнү менен чын жүрөгүбүздөн куттуктайбыз!!! Залкар жазуучубуздун жолун улай турган кыргыз элинен мыкты жазуучулар, адабиятчылар, инсандар дагы да чыгышына ишенебиз!!!Ч. Айтматовдун чыгармаларын окуп, барктап, жайылтып жана атын даңазалап жүрөлү!!!Бишкек гуманитардык-укуктук колледжинин кыргыз тили жана кыргыз адабияты сабактарынын окутуучулар жамааты!